www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөгүш уккандан уялбаган министрлер

Президент Садыр Жапаров Энергетика министри Таалайбек Ибраевге, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировго катуу сөгүш бергени айтылды. 

Сөгүш уккандар ак же көк дебестен, маалыматты ырастаган да, четке да кагышкан жок. Ырасында, сөз болуп жаткан жетекчилерге сөгүш берилгени тууралуу расмий маалымат таратылбай, негедир ачык жарыя болбогону, көптөргө түшүнүксүз болду.

Коомчулукта болсо ушул эки жетекчиге ичтери чыкпай тургандары боюнча ачык эле айтылып келе жатат. Бирок канчалаган сын-пикирилерге карабастан ээрден түшпөй келе жатканы табышмак. 

Демек, “сөккөндөн” майнап чыкпай турганын эске алганда, Байсалов айткандай булардын “кылы кыйшайбайт.” Өкүнүчтүүсү өлкөдө бул экөөнөн башка ордуна башкаларды дайындоого кадр табылбай жаткандай таасир калтырат. Кадрга жутап жатсак дагы, эл мүдөөсүн аткара албаган, ишти тарта албагандарды иштен алган пайдалуу болмок.

Последние новости