www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Ош башкармалыгы тарабынан Ош облусуна импорттолуп кирген көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Фитосанитардык көзөмөл эки баскычта жүргүзүлөт. Биринчи баскычта жүк Кыргыз–Өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» карантиндик фитосанитардык контролдоо посту аркылуу киргизилип, бардык коштоочу документтер — фитосанитардык сертификат, уруксат кагаздары жана товардык-транспорттук документтер кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт.

Экинчи баскычта жүк «Мега Логистик» бажы тариздөө пунктунун аймагында кайрадан көзөмөлдөнүп, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынат. Алынган үлгүлөр Ош карантиндик фитосанитардык лабораториясына жөнөтүлөт. Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгы таза (терс) чыккан учурда гана көчөт материалдарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тиешелүү фитосанитардык документ берилет. Ошондой эле көчөт материалдарына кошумча зыянсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Ош облусуна көчөт материалдарын импорттоо учурунда төмөнкү негизги талаптар милдеттүү түрдө сакталууга тийиш:

-Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти тарабынан берилген атайын уруксат кагазы;

-Экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген фитосанитардык сертификат;

-Көчөт материалдарынын тазалыгын ырастоочу коштоочу документтер;

-Инвойс;

-Товардык-транспорттук коштоочу документтер.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Ош башкармалыгы фитосанитардык талаптарды так сактоо өлкөнүн айыл чарбасын коргоонун, ошондой эле карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүнө жол бербөөнүн негизги шарты экендигин эскертет.

Последние новости