www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Жаштар стажировкасы» программасы иш берүүчүлөргө 16 жаштан 35 жашка чейинки жаш адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Программа эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча кадрларды даярдоого багытталган. Анын алкагында катышуучулар кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, андан кийин экономиканын ар түрдүү тармактарындагы — жеке, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жана ишканаларга стажировкага жөнөтүлөт.

Иш берүүчүлөр үчүн программанын бир катар артыкчылыктары бар:
● уюмдун конкреттүү муктаждыктарына ылайык жаш адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү;
● кадрларды издөөгө жана ыңгайлаштырууга кетчү чыгымдарды кыскартуу;
● базалык көндүмдөргө ээ, жигердүү жана мотивациясы жогору жаштарга жеткиликтүүлүк;
● стажерлерди расмий жумушка кабыл алууга чейин баалоо мүмкүнчүлүгү.
Белгилей кетсек, стажировка мезгилинде стажерлерге мамлекет тарабынан айына 8 600 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт, ошондой эле окуу мезгилинде да келечектеги кызматкер үчүн стипендия каралган.
Программа Кыргызстан боюнча 30 пилоттук шаарда жана райондо ишке ашырылууда. Катышууну каалаган иш берүүчүлөр арыз берүү жана катышуу тартиби тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн жергиликтүү жумушка орношууга көмөктөшүү кызматтарына кайрыла алышат. Ошондой эле арызды онлайн форматта да тапшырууга мүмкүн.

Долбоор жаштардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыздоону колдоого жана жергиликтүү эмгек рыногун чыңдоого багытталып, иш берүүчүлөр менен жаш адистердин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну камсыз кылат.

Последние новости