www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Умбеталы Кыдыралиев 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында соңку эки күндө өлкөдө болуп жаткан саясий резонанстуу окуяларга байланыштуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, 2006-жылы түзүлгөн «Ата Журт» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында азыркы президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев болгон.
«Мен алардын артында, экинчи катарда тургам. Эч качан экөөнө тең калп айткан эмесмин. Кечээ түнү уктай албай чыктым. Президент Садыр Жапаров да, Камчыбек Кыдыршаевич да бул кырдаалды оор кабыл алышты. Экөөнөн улуумун, ошондуктан жоопкерчиликти алып, сөз айткым келди. Бирөө — эл тарабынан шайланган президент, экинчиси — Кыргыз Эл Баатыры. Экөө биригип, көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселесин чечишти. Экономиканы өстүрүштү. Мен 6-чакырылышта депутат болуп турганда бюджет 2 миллиарддан ашчу эмес, азыр киреше бөлүгү 10 миллиарддан ашты. Бул акыркы беш жылдын жыйынтыгы», — деди ал.
Депутат иш процессинде ар кандай түшүнбөстүктөр болорун белгилеп, эки тарапты ынтымакка чакырды.
«Экөө тең кыргыз элинин патриоттору. Эл үчүн ичип жаткан суусун, жеп жаткан тамагын таштап чуркап кетишет. Ошондуктан парламент бул күндөрү бөлүнүп-жарылбай, ынтымакта турса, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот. Элибиздин турмушун оңдоп, алдыга койгон максаттарга жетебиз», — деп кошумчалады ал.