www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу аракетинин алкагында "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобуна кирген 52 жана 37 жаштагы эки кишини кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Сөз болуп жаткан жарандардын экөө тең мурда соттолгон, кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобунун активдүү мүчөлөрү болгон. Түшүндүрүү иштеринен кийин алар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартып, мындан ары мыйзам бузбоо милдетин алышты", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Эске салсак, УКМК Кадыр Досоновго издөө жарыяланган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.
Булак: NazarNews.kg