www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК - Камчыбек Ташиевдин 24-декабрдагы Жогорку соттун жана Соттор кеңеши боюнча маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди.
--"Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. “Сотко чейинки процесстин алкагында Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиеванын кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды”,-деп айтылат УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу, тергөө органдары Башкы прокуратурага Жогорку Соттун төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчүн келтиришти. Башкы прокуратура тарабынан жана Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен Г.Калиева УКМКнын башчысы билдиргендей, иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартыларын маалымдады.
«Мамлекеттик бийликтин сот бутагынын өкүлдөрү болгон Жогорку Соттун жана Соттор кеңешинин өзүлөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Ал эми Конституцияга ылайык, өлкөдө бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей» – деп айтылат комитеттин билдрүүсүндө.
Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы маалымат жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган. Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Кийинчерээк, Калиева анын билдирүүсүн төгүндөгөн билдирүү тараткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg