www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Атамбаев түрмөдө экенин алигече сезбесе деле керек. Анан дагы: «эл арасында Соке саткын деген сөз калды» дептир, как «будто» эл аралап басып, эл менен жүргөндөй», - дейт жарандык активист Шамурза Бөрүкулов. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
«Ушунчалык акылы кем, адамдык сапаты төмөн, ойлонбой сүйлөгөн дөөдүрдү алты жыл башкартып коюп жүргөнүбүзгө таң калбаган күнүм жок. Жээнбековго жазган ар бир сөзү 100% дал өзүнө карата берилген мүнөздөмө. Туура, Жээнбеков күчтүү президент боло албады. Андай экенин президент боло электе эле билчүбүз. Атамбаев өзүнүн кылмыштарын жабам деп, өзү президент кылып алып келбедиби.
Бирок, Жээнбеков чыныгы жашоодо эң сонун адам экенин далилдеди, жана экс макамын алып, урмат-сыйга ээ болду. Ал эми бок-сакка белчесинен батып, аарчымак турсун, бок-сактан чыга албай калган өзүнүн акыбалын сезбеген кайдан чыккан балакет эле? Баарынан да: «адам өз өмүрүн жакшы нерселерге арнаш керек» дегени күйбөгөн жерди күл кылат.
ТЭЦ, музей, альтернативдик жол, ипподром, Датка-Кеминди уурдап жакшы иш кылыш керекпи? Түштүктө согуш отун тутандырып, элин кыргынга учуратып, жакшы иш кылдым деп жатабы? Дача-Суда бир айылды жер менен жексен кылганын айтып мактанып жатабы? Элди Түндүк-Түштүккө бөлүп, Кой Ташта өзүнчө «республика» түзгөнүн, барган жоокерлерге таш ыргытып, куралдан ок атканын, Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөнүн, Саматты түбөлүк майып кылганын-өмүрүмдү жакшы нерселерге арнадым деп жүрөбү?
Менимче, Атамбаев түрмөдө экенин алигече сезбесе деле керек. Анан дагы: «эл арасында Соке саткын деген сөз калды» дептир, как «будто» эл аралап басып, эл менен жүргөндөй. Соке калың кыргыз элин, мамлекетти тандабай, дос деп Атамбаевдин сөзүн сүйлөп, ишин улап кетсе, мына ошондо наалатка калмак.
Атамбаев Сокени боктобой, тескерсинче Сокеден кечирим сурашы керек. Себеби, Жээнбековдун териси калың экен, Атамбаевдин акмакчылыгына эки жыл чыдады. Баканы деле капыстан тепсеп алсаң «бак» деп үн чыгарат. Жээнбеков эки жылдан кийин гана «бак» деди. Эмне, Жээнбековду президент коюп алып, элге маскаралайм, кемсинтем, аброюн түшүрөм деген максат менен койду беле?
Достукка эң оболу өзү түкүрүп алып, кайра беттен алганычы мунун. Түрмөдө жатса да элдин тынчын бузуп, кыжырын кайната берет экен. Мурдагы президенттерге окшоп өлкөдөн чыгып кетсе деле мейли эле деген ой кетет кээде», - дейт ал.
Эске салсак, мурдагы президент абактагы Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Сооронбай Жээнбековго жазган каты жергиликтүү ЖМКлар аркылуу тараган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg