www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, алынган батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбай турганы жазылат. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлөрү белгиленген.
Эскерте кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2 миллиард сом төлөөгө милдеттендирилген.
24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп бергенин айткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg