www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу, Кеңешбек Айтикеев, Райымбек Матраимовго “Жылдын мыкты адамы” наамы туура берилгенин социалдык тармакка пикирин жазып чыкты.

--Райымбек Матраимовго “Жылдын мыкты адамы” деген наам эң туура берилген. Чындыгында элдин башына мүшкүл түшкөндө эл өз айылына жардам бергенде Райымбек Матраимов жалпы Кыргызстандын элине жардам берди. Экинчиден өтө оор оорукчан адамдарга каражат жагынан жардам берип келгенин баарыбыз билебиз. Үчүнчүдөн өз ыктыяры менен 2 млрд сом мамлекеттин эсебине төгүп берди. Биз муну жамандабай элге кызмат кылдырышыбыз керек. Мисалы элге керектүү ишкана ачууну сунуш кылсак же өтө оор оорукчандар бар чет өлкөгө барып операция жасатып келип жатышат чоң каражат менен, ошол операцияны өзүбүздө жасаш үчүн чет өлкөдөн операция жасоочу тетиктерди алып берсе, биздин врачтар элди чет өлкөгө жөнөтпөй бул жерде жасашат эле, кадрлар бар. Же Камбар-Ата-1 же 2 ГЭСин курууну аягына чыгарса бул да элге пайдалуу болмок. Анткени Райымбек Матраимов элге жардам берейин дейт, бирок кээ бир жолдоштор аны каралап жол тосууда. Андан көрө Райымбекке жакшылык каалайлы дагы элге жардам берсин.

Эске сала кетсек, Бажынын төрөагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду бир беткей буюртма менен каралап келишет дагы ошол  учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын мурдагы башчысы, коррупциянын башында турган Кубанычбек Кулматов тууралуу сөз айтылбай келет. Жалпак тил менен айтканда президент менен Бажынын төрагасынын башын аттап кетип, өз билгендей кадамга баргандай Матраимовдун башы “жетөө” эмес, интелегенциянын арасында Матраимовдун кыйын стратег экени байма-бай айтылууда. Бул тема тууралуу кайрадан токтолобуз...

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости