www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет берген маалыматка караганда, Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси 70 миң сом пара берип жатканда кармалды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ал мекеменин эмгек сапарларына сарпталышы керек болгон бюджеттик каражатты ээлеп алган. Бул кылмышты жашырыш үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүнө 70 миң сом пара сунуш кылган.

Ал 11-январда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Социалдык фонддун республикалык башкармалыгынан бул окуя боюнча азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости