www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Белгилей кетсек, алгачкы жолу Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мамлекетке болсо 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Ошондой эле кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн.

Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн кишилерди жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылып турушканы аныкталган.

Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости