www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-майдагы жыйында бир катар мыйзам долбоорлорун III окууда кабыл алды. Алардын катарында улуттук коопсуздукту сактоо органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлору да бар.

Алар:

- «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.2018 № 404 токтом);

макул — 73, каршы — 3

- «Контрчалгындоо иши жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.12.12019 № 671 токтом);

макул — 72, каршы — 4

- «Тышкы чалгындоо иши жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.08.2019 № 427 токтом);

макул — 74, каршы — 3

- «Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.2019 №705 токтом);

макул — 71, каршы — 6 - «Терроризмге каршы күрөшүү»; макул — 73, каршы — 4.

Контрчалгындоо иш-чаралары Мыйзам долбоору боюнча:

1. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:

1) сурамжылоо;

2) маалыматты жана маалым каттарды расмий алуу;

3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;

4) текшерүүчү сатып алуу;

5) предметтерди жана документтерди изилдөө;

6) контролдонуучу жеткирүү (текшерилүүчү жеткирүү);

7) ким экендигин окшоштуруу;

8) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланыш жөнүндө маалыматты алуу;

9) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;

10) почта менен жөнөтүүнү, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлоолорду контролдоо;

11) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыӊшоо жана жаздыруу;

12) байланыш тармактарынан жана каналдарынан маалыматты алуу;

13) маалыматты мыйзамсыз алууга багытталган техникалык чалгындоо каражаттарын жана маалыматтын чыгып кетүүсүнүн техникалык каналдарын издөө;

14) байланыш тармактарында ыкчам издөө;

15) адамды же жерди жашыруун аудио жана (же) видеокөзөмөлдөө;

16) байланыш, маалымат чогултуу, иштеп чыгуу, берүү жана сактоо үчүн багытталган эсептөө жана башка түзүлүштөрдөн маалыматты ыкчам алуу;

17) мыйзам менен корголуучу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырга, ошондой эле жеке салымдар жана аманаттар, кат алмашуу, телефон менен сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф аркылуу жана башка кабарлоолордун сырына тиешелүү эмес маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттарды колдонуу;

18) конспиративдүү ишканаларды же уюмдарды түзүү;

19) ыкчам ишенимге кирүү;

20) ыкчам байкоо жүргүзүү;

21) ыкчам эксперимент;

22) ыкчам аныктоо. Буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков УКМК контрчалгындоо иштеринде тыңшоо жана жашыруун камера колдонуу үчүн соттун уруксаты керек экенин жана өтө зарыл учурда гана жүргүзүлө турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости