www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү “Катани” ылакабына ээ Өмүрбек Субаналиев октябрдагы окуядан кийин каттуу “стресс” алды окшойт. Баарына кызыгы митингден кийин өпкөсүн колтуктап УКМКга өзүн-өзү төрага кылып шайлап барды эле, аны Опумбаевдин балдары опурулта тээп чыкты. Бул жагы күлкүлүү эле болуп жатып калды.
Андан кийин Өмүрбек Субаналиевдин тынчы кетип, аз убакыт аралыганда “Адахан Мадумаров менен ойнобоймун” деп расмий жарыя кылса, таң атпай, бетин жуубай туруп, көзүнө жаш алып, “көгүлтүр” экрандан түшпөй Райымбек Матраимов тууралуу чындыкты айтымыш болуп, бир беткей асылып баштады.
Кызыгы “бети бетон” Өмүрбек Субаналиев, Бажы кызматындагы бир тууганы Самсондун “контрабандалык” кызматын унутуп калды окшойт. “Катани”, “шымы таза киши катары” маек берип жатканда Бажыдагы иниси тууралуу кызыктарды "шарт" этип айтып койбой, Райымбек Матраимовго гана асылып баштады.
Анчалык кыйын экен Субаналиев, “Бажыда иштеген бир тууган инисинин “контрабандалык” кызматы тууралуу жана инисинин жакын досу Кубанычбек Кулматовду сөз кылып, ага кошумча “Райымбек Матраимов ал Бажыда болгону орун басар, солдат болгон” деп, чындыкты айтып койсо бир принципти карманган, адал, чынчыл генералдын жүзү мына ушундай тура деп сыймыктанып калмакпыз.
А баса, октябрь окуясынан кийин Асан кайгынын ордун басып, “кошокчу” болуп кеткен Өмүрбек Субаналиевдин, Кубанычбек Кулматов менен “сауналаш” болуп, Атамбаев айткандай “элүү граммдашып” жүргөн Бажыда иштеген бир тууган иниси тууралуу маалыматты жакын арада жарыя кылабыз.
Булак: NazarNews.kg