www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүздү

Кыргызстанда укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүзүп, Жогорку сотко жана тергөө судьяларына сунуштары менен кеп-кеңештерин жөнөттү. Бул тууралуу 21-декабрда Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалициясы” уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, коалицияга мүчө болгон «Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордун» адистери Бишкек, Токмок, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Кадамжай, Нарын, Каракол шаарларындагы жана Сокулук, Сузак, Ак-Суу, Араван райондорунун айылдарындагы жалпысынан 520 соттук отурумга катышышты. Алар кылмышка шектүү адамдарды кармоодо жана бөгөт чарасын аныктоодо мыйзамдын сакталышына жана негиздеменин камсыз болушуна көз салышты.

Жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштарда сот кылмышка шектүү адамга карата реалдуу дилилдердин болушуна, аларды текшерүүгө, эгер шектүүнү кармоого башка адамдар катышкан болсо алар да сотко барып, окуянын чоо-жайын айтып берүүгө милдеттүү экенине көңүл буруу зарылдыгы жазылды. Мындан тышкары, коронавируска байланыштуу карантин шартында иштөө өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын маалымат баракчалары жана колдонмолор даярдалганы туура болору белгиленди.

Белгилей кетсек, “Кыйноолорго каршы коалиция” 2011-жылы түзүлгөн. Анын курамына 13 укук коргоо уюму кирет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости