www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева баштаган укук коргоочулар президентке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) иш-аракеттерин сынга алды.

«Кечээ КЛООПтун журналисти Анна Капушенконун үйүндө тинтүү жүрдү. Ал бир күн кечке УКМКда сурак берип отурду. Анын эмне күнөөсү бар? Бул чырга байланыштуу ушундай эле тинтүү дагы 50-60 жарандын үйлөрүндө жүрүп жатат. Мындай террор улана берсе, мамлекеттик кызматка ким барып иштейт? Чечимдерди ким кабыл алат?» деп жазылган билдирүүдө.

КЛООПтун журналисти Анна Капушенко кечээ, 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо УКМКга суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилген. Сурактын маңызы жөнүндө азыр ал үн ката элек. Ага сурактын мазмунун ачыкка чыгарбоо тууралуу кагазга кол койгону себеп.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып келет. Учурда тендер чырын УКМК да иликтеп жатат.

Булак: Азаттык 

Последние новости