www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвесторлорго жардам берүүнү ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги алардан кум-шагыл иштетүүгө маалымкат алуу үчүн 500-1000 доллар сурашууда. Ушинтип отурсак, өлкө экономикасын кантип өстүрөбүз? Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта Президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Менимче, министрликтердин мындай жосунун аны жокко чыгаруу аракети катары бааласак да болот. Өнөр жай комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов жалгыз өзү эч нерсеге жетишпейт. А тигилердин кылганы ушул. Инвесторлор лицензия ала албай арабөк абалда отурат, демек, салыктык төлөмдөр түшпөйт, бюджет толбойт, калк көйгөйү чечилбейт деген сөз. Өкмөт тезинен чара көрүп, бул маселени чечип бериши керек», - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости