www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент деген макамынан кол жууду. Бул тууралуу саясатчы, Улукбек Маматаевди кепке тарттык.

--Улукбек мырза бүгүн, 27-июнда өткөн Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Башкы прокуратурасынын тыянагын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды. Туура эле кадам болдубу?

--Ооба туура эле кадам болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чын эле президент болуп иштеп турганда көп мүчүлүштүктөрдү кетиргенин Жогорку Кеңеште куруттай санап берди. Каргылачы,

2017-жылы Пархати аттуу жаран Атамбаевден «НПП Форум» ЖЧКны алган. Пархати 2016-жылдын 16-январынан бери «Хуасинь» инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелинет. 2015-жылдын 8-декабрында Токтосун Түмөнбаев «Хуасинь» ЖЧКны кайра каттоо үчүн Юстиция министрлигинин эсебине 247 сом төлөгөн. «Хуасинь» ЖЧКсы Чаткал районундагы сурьма кенин иштетүүгө уруксат алуу үчүн 1,5 млн сом бонус катары берген. Комиссия эсептегендей, аталган факт Пархати менен Түмөнбаев бириккен жак экенин далилдейт. Түмөнбеав Касан-Сайдагы сурьма кенин иштетүү укугуна ээ болгон «Терексай жаштары» ЖКЧнын төрагасы болуп саналат. «Терексай жаштары» ЖЧКнын негиздөөчүсү — «Синьцзян эл аралык Бизнес Ру соода компания» ЖЧКсы. «АКА» ЖЧК менен Чолпон Абдилназаровна жана «Терексай жаштары» салык жана башка төлөм катары 276 млн сом төлөгөн. 2018-жылы «АКА Петролеум», «АКА Инвест» ЖЧКнын түзүүчүлөрү менен Касым Курбанов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу ниетин айтышкан. Башкы прокурордун айтымында, бул айыптоодо Жазык кодексинин 319-беренесиндеги кылмыштын белгилери бар, деди.

--Атамбаев камалашы керекпи?

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалышы керек. Эми жөн олтурбай Кой-Таштагы Хан сарайында таштарды төктүрүп, боз үй тиктирип элди дүрбөтүп жатканы туура эмес. Бул киши жаманбы-жакшыбы президент болгон, элдин кызыкчылыгын ойлошу керек.

--Сиздин оюңузча кайсы беренелер Атамбаевге туура эмес коюлуп калды.

--Менин оюмча Атамбаевге коюлган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, корутундусунда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келгендигин айтты. Баары туура. Болгону бийлик тарабынан Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта уюштуруп ызы-чууга камылга көрүп жатканына бир жолу дагы эскертүү бербегендиги таң калычтуу. Атамбаевге келсек, Алмазбек Атамбаевдин өз кылган иши өз башына муш болду.

Эске сала кетсек, бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 103 добуш менен кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости