www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук гвардиянын офицерлери жети жоокерди сабаган факты болгонун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева «Азаттыкка» ырастады.

Анын билдирүүсүнө караганда, окуя ушул жылдын июль айында болгон. Чатакка Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин эки офицери жана келишимдик негизде иштеген эки кызматкер аралашкан.

Ички иликтөө учурунда жети жоокер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон. Жарашева окуяда жоокерлердин саламаттыгына анча көп доо кетпегенин кошумчалады.

Топтолгон материалдар Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө уланып жатканы кабарланды.

Булак: https://www.azattyk.org/

Последние новости