www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну көз жумду. Бул тууралуу журналисттер Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарын бириктирген “Аманат” коомдук фондунун төрагасы Расулбек Аскаровго шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы жаран акыркы убактарда курулуш тармагында иштеген.

“Мирбек өткөн жылы Каннын шаарына келип, ал жерде курулушта иштеген. 14-августта кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготуп, бийиктиктен кулап түшкөн. Аны дароо жандандыруу бөлүмүнө алып барышып, ал жерде 2 күн жатты. Эсине келбей көз жумду. Бул жерде мекендештер сөөктү жеткирүү үчүн каражат топтошкон.

16 миң доллар акча каражат чогултулду. Бул каражаттардын жардамы менен адвокаттар оорукананын кызматтарына төлөө, 200 жүктү Кыргызстанга жеткирүү боюнча документтерди иштеп чыгышты. Денеси жакынкы күндөрү мекенине жөнөтүлөт”, – деди Расулбек Аскаров.

Маркумдун артында 2 баласы калганы белгилүү болду.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда 5 миңге жакын кыргызстандык иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости