www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июлда Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн базасында Улуттук гвардиянын Колбашчысынын Кубогуна волейбол, кичи-футбол, сууда сүзүү жана Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча турнир башталды.

Турнир жыл сайын 20-июлда белгиленүүчү Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө арналган.

Өткөрүлүп жаткан турнир аскер кызматчыларынын ден соолугун чыңдоо, спорттук чеберчиликтеринин деңгээлин жогорулатуу, дене тарбиялык даярдыгынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана спорттук байланыштарды өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Мелдешке жалпысынан 13 команда катышууда.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубоктор, ар кандай даражадагы дипломдор менен сыйланат.

Турнир 18-июлда жыйынтыкталат.

Последние новости