www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Дональд Трамптын Украинадагы жаңжал 50 күндүн ичинде бүтпөсө, Россиянын товарларына 100%дык бажы салыгы киргизиле тургандыгы боюнча коркутуусун олуттуу билдирүү деп атады.
Анын айтымында, АКШ менен НАТОнун мындай демилгелерин Киев тынчтыкка карай кадам эмес, согушту улантууга белги катары кабыл алышы мүмкүн. Песков Владимир Путин Трамптын сөздөрүнө комментарий береби же жокпу, өзү чечерин кошумчалады.
«Эгерде президент зарыл деп эсептесе, ал сөзсүз түрдө комментарий берет», - деди ал.
Буга чейин Трамп Европа өлкөлөрүнүн эсебинен Украинага курал-жарак жеткирүүнү баштоого убада берип, 17 «Patriot» комплексин өткөрүп берүү пландары жөнүндө билдирген.