www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уран Ахметовду юстиция министри кызматынан бошотуу тууралуу жардыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-апрелде кол койду.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, Ахметов өзүнүн жазган арызына ылайык кызматынан бошотулду.
Юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан алуу жөнүндө өкмөт башчы Сапар Исаков 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.
Уран Ахметовду министрлик кызматтан алууну парламент былтыр декабрда эле өкмөткө сунуш кылган. Депутаттар буга Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы өкүлчүлүктөр боюнча ратификацияланган келишимдин ишке киришин кечеңдеткени үчүн, Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев менен юстиция министри болуп турган Уран Ахметовду "компетентсиз" деп айыпташкан.
Булак: "azattyk.org"