www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алып баруучу Урмат Борченов өзүнүн Instagram баракчасында ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен жана Кайрат Примбердиевдин «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, ырчылардын сөгүнгөнүн мындай кой, паракорлор, зөөкүрлөр, уурулар, педофилдер эркиндикте жүргөнүнө зээни кейийт.

«Маданият кызматкери биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, эркиндиги бар.

Ошол эле маалда пенде. Кимде күнөө жок, ким таптаза?

Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты.

Ооба, кылыптыр алар былыкты. Тыйып коюу парз, бирок, жазалоо биздин колдо эмес.

Мыйзам бузса сот, күнөө кетирсе Кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы – өз эрки», – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости