www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүүгө 1,1 триллион доллардай каражат керектелет. Бул тууралуу Европа инвестициялык банкынын башчысы Вернер Хойер Франкфурттагы брифингде билдирди.

«Мен 1 триллион еврого баалап жатам. Мен коомдук жайларда кыйроонун деңгээлин караганымда, таптакыр реалдуу эмес деп ойлогон сандарды көрдүм», - деди Вернер Хойер.

Анын айтымында, Украинаны кайра курууда Европа негизги ролду ойношу керек. Учурда Европа инвестициялык банкы Украинаны калыбына келтирүүнүн бул суммасы боюнча милдеттенмелерди кайра бөлүштүрүүнү пландаштырууда. Иш ушул аптада башталышы мүмкүн.

Эске салсак, март айында Украинанын премьер-министри Денис Шмигал Украинадагы агрессиянын натыйжасында талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн 500 миллиард доллардан ашык каражат керек экенин билдирген. Учурда бир катар Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүүдөн тышкары каржылык жардам көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости