www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык, салт-санаа жана башкалар...

Эки жүздүү адамдар элге убада бере берет. Бирок, акыры андайлардын натыйжасы терс болоорун тарых далилдеген. Ошол эле саргайган карт тарыхтын барактарын карасаң жер бетиндеги 70 миллиондон ашык адамдын өмүрүнүн кыйылганына башкы себепкер болгон Гитлердик согуштун башталган күнү экен, бүгүн.

Дагы эле ошол тарыхкка кайрылып карасак, (1930-жылдын башында) Германияда өткөн парламенттик шайлоодо акыйкаттык менен демократ терисин жамынган Гитлердин НСДАП партиясы шайлоодо самандай сапырылган акча, эки жүздүүлүк, жалган убада жана адамда жок «арамзалык» менен жеңип чыккан. Жыл айланбай А. Гитлер Рейхс канцлер болуп дайындалып, бүтүндөй бийликти өзүнүн колуна топтогон алган.

Көп өтпөй Германияда фашистик диктатураны орноткон. Кызыгы, адамзат тарыхындагы эң бир канкор адам катары саналган Гитлерди деле так, тың делген немец эли, миллиондогон немец эли аны сокур ишеним менен ээрчип кеткен. Анын антип элдин «кумирине» айланышына алдамчылык жана акча башкы себептерден болгон. Массанын психологиясын ушул нерсе тартып кеткен...

Баса, ошол шүмшүк Адольф жоокерлерине «Биз басып алган өлкөлөрдүн ириде руханий дүйнөсүн талкалашыбыз керек. Рухий дүйнөсү өчкөн адам эч качан коркунучтуу душман боло албайт» деп сайрап турган... Ушундан уламбы, сөз ыңгайы келип турганда мээге бир ой кадалат.

Биз, кыргыздар кылымдардын бороонунда чайпалып, миңдеген жылдар бою үзүлсөк да жок болгон эмеспиз. Себеби, салт-санаабыз, рухубуз, тилибиз үзүлбөй, анын бекемдигинде болгон! Бул өжөр аныктама.

Ооба! Кезинде далай өлкөлөр кулчулукта жүргөндө бабаларыбыз кең Азияда ат ойноткон, эркиндиктин шумкарлары делген.

Башка түрк уулдары менен убагында килейген Европаны багындырган. Түштүк Чыгыш Азияда Улуу Кыргыз каганаты жашаган. Канчалаган өлкөлөр жалпы адамзаттын жашоо турмушунда жазылбаган түбөлүктүү мыйзамдары менен жашай албай жатканда кыргыз өзүнүн каада-салты, салт санаасы, таза эне тили менен далайларды суктандырган! Бул болгон окуя, өчүрүлгүс тарых!

Кийин, ушул Эгемегендигибиздин түптөлүшүнө кара жандарын карч уруп, ошол учурдагы замандын оомалуу-төкмөлүү мезгилдеринде, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырында, көз караштардын кызыл-кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан мамлекеттүүлүк үчүн баштарын канжыгага байлап, ак эмгектерин өтөгөн мыктыларыбыздын бири, кеменгер Касым Тыныстанов бабабыздын «Өз элиңди, өз жериңди, өз ата салтыңды сүйө бил жана аны көздүн карегиндей сакта! Ал сенин өмүрүң, ичээр сууң!» деп ташка тамга баскандай айтып кеткен насааты ар бирибиздин көөдөнүбүздө, көкүрөгүбүздүн туптунук жеринде сакталышы керек! Ар качан! Дайыма!

Аталган кептин мазмунунун тереңин билген жан үчүн бул накылдын өзөгү өтө тереңинде. Анан калса Чыныгы кыргыздар эч качан атасы тирүү кезде сапсайтып сакал койгон эмес. Арабдар менен пакистандыктардай чапан-дамбалдарды кийген эмес.

Кымча бел, кызгалдак мүнөз кыздарыбыз эч качан беттерин чүмкөнүп, же башынан бутуна чейин оронуп алып жүргөн эмес! Себеби, жогоруда белгиленгендей Кыргыздын эч кимге таандык эмес же эч кимди туурабаган өзүнүн Руху, салт-санаасы бар.

Учурда, ошондой Улуу бабалардын урпактары биз, кеменгер Касым бабабыз айткандай аны көзүн карегиндей аздектеп сактоо!

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости