www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ маалымат каражаттары "Россиянын адамзатка каршы кезектеги маалыматтык диверсиясын" казып чыкты. Болгондо да бул маалымат тумандуу Альбиондо бир нече күн башкы тема болуп турду.

Улуу Британиянын ушул тапта көйгөйү көп. Пандемия укмуштай күч алды. Өкмөттүн карантиндик жаңы чараларга каршы бүтүндөй аймактар каршы чыгууда. Brexit жөнүндө Европа биримдиги менен сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип, бул жакын арада эле экономикалык коллапс коркунучу туулду. Бул тууралуу Sputnik жазды.

Шотландиянын курамынан чыгуу демилгесин колдоо деңгээли жетер чегине жетип, бул өлкөнүн ыдырашына алып келиши мүмкүн болуп турат. Ушундай жагдайга кептелген өлкөнүн гезиттеринин биринчи бетине башкы тема катары "Акылдан тайган Russkies вакцина бизди шимпанзеге айлантарын жар салууда" деген макала жарык көргөн. Макала тегерегинде Владимир Корниловдун ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.

Гезиттердин дээрлик баары Британиянын премьер-министри Борис Жонсонду кар киши кылып жасалган коллаж, "Мен өзүмдүн – кар кишинин вакцинасын жактырам" деген жазуу менен коштолгон.

Кайсы бир булакка шилтеме кылуу менен бул маалымат каражаттардын баары россиялык мамлекеттин же россиялык расмий адамдардын буйругу менен ушундай фотоколлаж жасалып жана таркатылган. Бул коронавируска каршы британ вакцинасын "адамдарды маймылга айландырат" деп каралоо максаты менен уюштурулган жалпы кампаниянын бир бөлүгү катары баалашат. Мындай маалыматтардын түпкү булагы The Times гезити болду. Өзүнүн "иликтөөсү" катары ушул тема жаатында сенсациялуу бир нече макаласын жарыялаган. Негизги макалада: "Оксфорддук изилдөөгө каршы кампанияга россиялык расмий адамдардын байланышы болушу ыктымал. Бул адамдардын мындай ишке тартылышы сөзсүз эле Кремль буйрук берген, кубаттаган же ушундай пропагандисттик аракеттен кабары болгон дегендик эмес", – деп жумшагыраак жазылган. Россиядан шек саноолорду күндүн темасына айландырганы менен басылма көп сандагы окурмандарына себебин түшүндүргөн эмес. Тескерисинче, гезиттин сайтына кирип, бул тема боюнча 40 мүнөттүк подкастты угууну буюрат. Анда баары чечмеленип, далилденген имиш. Калган маалымат каражаттары, атап айтканда, британ, америкалык гезиттер алыска чарпылбастан эле The Times жарыялаган макалага ынанган. Андан жана подкасттагы "далилдеринен" улам ушул теманын тегерегинде макала артынан макалалар жарык көргөн.

Бирок подкастты тыңдасак, баштан-аяк "Россия мамлекетинин катыштыгын сиздерге тастыктап беребиз" деген убада гана жаңырат. Уюштуруучулар туурасындагы бөлүгүнө жеткенде "Россиялык түз инвестициялар" фондунун башкы директору Кирилл Дмитриевдин ысымы аталат. Айыптап келе жатып эле "Биздеги далилдерде Кирилл Дмитриевдин аты айтылбайт", – деген фраза жаңырганы кызык. Гезиттин далилдөө убадасы ошол жерден токтойт.

Андан ары россиялык мамлекеттик каналдардын кай биринде "британ вакцинасына сыноо жүргүзүлүп жаткан убакта ага катышкан эки киши каза болгону, бирок аны сыртка чыгарбай сакташууда. Мына вакцина адамдарга эмес, маймылдарга гана жарай турганынын далили" деген жалган маалымат чыгарылганы айтылат. Эч жакта жок маалыматты кайдан жана эмнеге таяна жазганы олуттуу журналистикага сыйбайт.

Ал ортодо чындап эле британиялык AstraZeneca компаниясынын сыноолоруна катышкан ыктыярчылардын бири Бразилияда ушул аптада каза болду. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар кабарлады. Бул маалыматты "россиялык дезинформация" деп шылташ кыйын эле.

Гезиттерге жарыяланган эч бир материалда Жонсон жана ковид туурасындагы тамашалуу мемдерди чыгарууга россиялык расмий же бейрасмий адамдардын катыштыгын тастыктаган так факты да жок.

Интернетте чындап эле ушул сүрөттөр жайнап кетти. Бирок алардын түпкү булагын табуу аракети барып эле The Times гезитинин номерине такалат. Мурда анын жарыяланып же жарыяланбаганын билбейбиз, бирок дал ушул гезит коллаждын дүйнөгө таралышына старт берген.

Эч кандай далил болбосо да, Лондон РФке тиш кайрай баштагандай. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб оксфорддук вакцинаны дискредитациялоого Москваны айыптоого үлгүрдү. Ошентип, жаңы санкциялардын жарыяланышы да алыс эместей.

Улуу Британиядагы Россия элчилиги бул туурасында дароо түшүндүрмө берип, "мунун өзү дезинформациянын үлгүсү болуп саналат" деп белгилеген. Бирок социалдык медианын эч бир бутагы британ басма сөзүнүн бул "сенсацияларына" бөгөт койбойт, "кошумча текшерүү керек" деп билдирбейт. Себеби бул АКШ президенттигине талапкердин уулу Хантер Байдендин электрондук каттары туурасындагы жаңжал эмес да. Ал жарыяланганда социалдык медианын бутактары абдан катуу карап, аталган компроматты жарыялоого дааган New York Post гезитинин баракчаларына бөгөт коюуга ашыккан. Ал эми ошол эле гезиттеги Россия жөнүндөгү "сенсациянын" шилтемеси бөгөттөлгөн жок.

Дагы бир жүйөлүү суроо туулат: британ маалымат каражаттарына мындайдын зарылдыгы канчалык? Негизи макаланын башында эле ага жоопту тапса болот. Кеминде эле бир-эки күнгө коомчулуктун көңүлүн өлкөнүн реалдуу көйгөйлөрүн талкуулоодон алаксытуу зарыл болгондой. Мунун таасири тарап кетсе, Олимпиада – 2020нын үзгүлтүккө учурашына да Россиянын катышы бар деген тейде айыптоо чыкса деле таң калбоо керек. Дагы бир нече күнгө ызы-чуу уланат дей бериңиздер. Тек гана эч ким далил же күбө талап кылбаса эле болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости