www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Биримдигинин бюджети боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдө мунаса (компромисс) табыла турганын билдирди. Ал 20-ноябрдагы коомдук радиого курган маегинде "Чечүүнүн ар кандай жолдору бар, бул саясий эркке байланышкан маселе" деп айтты.

Дүйшөмбүдө Еврошаркеттин узак мөөнөттөгү бюджетине жана коронавирустун кеспеттерин жоюуга 1,8 триллион евро каралган планга Венгрия менен Польша вето койгон. Орбан анда бул кадамга негизинен миграциялык саясаттагы пикир келишпестиктен улам барганын айткан.

Венгрия менен Польшада бийлик соттун көз карандысыздыгы, сөз эркиндиги жана мамлекеттик эмес уюмдарга карата саясаты боюнча сынга кабылып келет жана мындан улам Евробиримдиктин миллиарддаган евро каражатынан куру калышы мүмкүн.

Европа комиссиясы буга чейин миграциялык реформа боюнча жаңы долбоор жарыялаган. Документ Италия жана Грекия өңдүү мигранттарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган. Шаркеттеги башка мамлекеттерге баш калка издеп келген качкындарды, мигранттарды жайгаштырууну сунуштаган жана ал үчүн Брюссель каражат бөлүп берүүнү убада кылган. Өтө кыйчалыш кырдаалда Еврокомиссия мигранттарды бөлүштүрүү боюнча квота киргизүү укугун алган.

Борбордук Европадагы бир катар өлкөлөр, анын ичинде Польша, Венгрия жана Чехия милдеттүү түрдө квота киргизилишине каршы чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости