www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ВИЧти мамлекеттик медициналык мекемелерден жуктуруп алган балдарга жогорку окуу жайларда билим берүүнү акысыз кылуу каралууда. Бул тууралуу "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев Sputnik маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу учурда медицина тармагындагы мыйзамдар менен иштеп жатат."Азыркы тапта биз мыйзамга ВИЧ болгон балдар (ооруну мамлекеттик медициналык мекемелерде жуктурган) жогорку билимди акысыз алууга укуктуу деген норма киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Билим берүү жана илим министрлигинде майыптыгы бар жана алыскы аймактардан келген балдар үчүн акысыз билим алууга квота бар. Биз дагы бир квота кошуу тууралуу ойлонуп жатабыз. Бул көп эмес, жылына 20-30 бала. Анткени алар дароо эле чоңоюп кетпейт", — деди Султангазиев.

Ал Министрлер кабинети жана жетекчилик бул демилгени колдойт деген ишенимин билдирген.

Султангазиев 400дөй бала ВИЧти медициналык жайлардан жуктурганын да айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости