www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кочкордо Ормон-хандын 230 жылдыгы белгиленип, эстелик ачылып, туу көтөрүлүп, ат чабылды. Ормондун негизги жетишкендиги – ал бир нече кыргыз уруусун бириктирип, 1842-жылы жаңы кыргыз мамлекетин түзгөн жана 4 жылдан кийин ага сырттан баскынчылар кол салганда, 1847-жылы Кене-сарынын аскерлерин талкалап, кыргыз мамлекетин сактап калган.

Андан кем эмес жетишкендик – хан көтөрүлгөндөн кийин Ормон атайын буйрук чыгарып, конституция болбосо да, кан-касташууну токтотууга биринчи кадам жасап, аны кун төлөө менен алмаштырганы. Анын биринчи буйруктарынын бири менен эрдин куну чаң тийбес 300 жылкы болот деп белгиленген, ал эми ууру кылгандар 9 жылкы берип, чырды токтотуш керек болгон.

Ормон-ханды жана башка тарыхый инсандарды мисалга келтирип, алардын жетишкендиктерин эске салуу – туура иш, бирок Ормон-хан кантип өлтүрүлгөнүн дагы унутпаш керек. Маселе «ордо» оюнунан чыккан жана бугу менен сарбагыш ортосундагы ал чырдан сырткы душмандар пайдаланып, кыргыз ханын кыргыздардын колу менен жайлаган. Ушуну да эстен чыгарбаш керек.

Последние новости