www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы президент «Ак үйдө» эмес, өкмөт имаратында отуруп иштейм дегенде, эл аны кубаттоо менен кабыл алган. Кийин президент өзүнүн эски үйүн элге жардам катары ипотекалык компанияга өткөрүп бергенде дагы жалпы калайык аны колдогон.

Бирок мындан бир жыл мурда «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты «архитектуралык эстелик» деген макамдан ажыратылып, мындан бир ай мурда ал имарат бузулганда, коомдо – мурдагы эски үйүнүн ордуна эми президент үчүн заңгыраган хан-сарай пайда болот ко деген ойлор айтыла баштады.

«Ысык-Көлдүн» ордуна курула турган президенттик администрациянын жаңы имараты үчүн мамлекеттик бюджеттен эч каражат сарпталбайт деп айтылууда, бирок курулуш баштоого укук алуу эле жөнөкөй иш эмес. Мейманкана турган жердин аянты 3,5 гектар экен, курулуш компаниясы болсо ал үчүн Түштүк магистралдын боюнда 16 га жер алат деп айтылууда. Жалаң ушул жер үчүн эле курулуш компаниясы бир нече эсе көп миллион доллар пайда таба алат.

Последние новости