www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Араб, түрк, ооган, пакистандыктардын жашоо ыкмасын, дүйнө-таанымын, кийген кийимин үлгү кылуу, биздин келечегибиз үчүн чоң трагедия!», - деди бүгүн, 18-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек-агай, кыргызды салт санаасы гана кыргыз кылып сактап калабы?

- Эгерде биз, кыргыздар, өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү сактап калабыз десек, сөзсүз түрдө кылымдарды карытып келе жаткан салт-санаабызды, үрп-адатыбызды, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү көздүн карегиндей сактап калышыбыз керек. Ансыз улут экендигибизге доо кетет.

Азыркы дүйнө жүзүндө орун алган, элдерди чырмооктой болуп курчап келе жаткан жалган жана жасалма идеологиялардын курмандыгы болобуз дагы кыргыз деген атыбыз түбөлүккө өчөт. Өзү кыргызы жок дүйнөнүн бизге кереги барбы?

Ооба, тилекке каршы кийинки 30 жылда биз ар кимди ээрчип, кээде «журтта калган баладай» болуп, түрдүү элдердин салттарын, үрп-адаттарын туурап кирдик. Айрыкча, араб, түрк, афганистан, пакистандыктардын жашоо образдары, дүйнө-таанымдары, ал турсун кийген кийимдери менен ичкен тамактары үлгү боло баштады. Бул - биз үчүн, келечегибиз үчүн чоң трагедия! Аңкоосунуп сезбей келебиз.

Алардын ширин сөздөрүнө, берген бир чымчым акчаларына кул болуп багынып, артынан ээрчип жүрүшкөн ары жок кээ бир кыргыздар элибизге чоң душмандык кылып жатышат. Бул доор дагы өтөөр.

Кыргыз баары бир өзүнүн салттык жашоо укладына жана образына, кайтып келүүсү абзел. Ансыз болбойт. Башка маселе, расмий бийлик тынбай иш алып барып, улуттук идеологияны түптөө менен алектенүүсү зарыл.

Табияты күмөн жараткан юбилейлерге, салтанаттарга, өлүк көмгөн жерлерге же кандайдыр бир болоор болбос иш-чараларга катышып коюп, той-топурларда тамаданын ролун аткарып жүргөн «ири калибрдүү» чиновниктерибиз Кыргыз элинин жана бийликтин гаранты болгон Президенттин аброюн көтөрмөк турсун элге күлкү болуп жүрүшөт! Кана ооз көптүрүп жарыя кылышкан Улуттук идеялары? Мамлекеттик идеология?

Азыр убакытты шапар-тээп ойноп өткөрө турган мезгил эмес. Цивилизациялардын кагылышы өзүнүн чечүүчү фазасына кирип бара жатат. Дүйнө тарабынан Кыргызга улуттугун сактап калууга кудурети барбы деген катуу чакырыктар ташталды! Туруштук бере алаар бекенбиз? Кеп мына ушунда!

- Биз ысырапкорчулук деп атып кыргыздын салтын жоготуп албайбызбы?

- Ооба. Кийинки убактарда кыргыз коомчулугунда кылымдар бою келе жаткан салтанаттарды уюштуруу иштери азыркы замандын талаптарына жооп бере албай калгандыгы жөнүндө тынчсыздандырган суроолор көбөйүп бара жатат.

Аларды жаңыча уюштуруу талаптары дагы күчөөдө! Чынында эле кыргыздын кээ бир салтанаттары укмуш чыгымдарды талап кылып, керексиз, обу жок эле иш-чаралар уюштурулуп, ага катышкан элди деле чарчатып салган учурлар көп орун алып келет.

Натыйжада, элдин аң-сезими дагы жаман жагына өзгөрүп, тойлорду же өлүк көмүү иштерин ошол уюштургандар өзүн же ар түрдүү жолдор менен жыйнаган байлыктарын даңазалап калуу аракеттери менен коштолуп жатат. Мейли ак эмгек менен табылган каражаттар жумшалсын. Бирок, сарамжалдуулук дагы керек да, туурабы?

«Той болсун, бирок тойдун эртеси дагы жашоо керек!» - деген кыргыздын акылман сөздөрүн эстеп жүрөлү да! Анан кредит, ссуда алып же бирөөдөн карыз болуп той өткөргөндүн эмне кереги бар? Үй-бүлөө - бул ыйык түшүнүк! Аны көздүн карегиндей сактап, бапестеп коргоп алуу милдет.

Анан эле обу жоктонуп, кичине табылганы туш тарапка чачып ийип, куру - жалак калуунун өзү жапайычылык эмей эмне? Бул ыксыз жоруктар ошол өз балдарыңдын алдындагы жоопкерсиздигиң! Албетте, кыргыздын салтына ылайык келген өлчөмдө түрдүү салтанаттарды өткөрөлү.

 Анын жүрүшүндө өз салтыбызды даңазалайлы. А бирок, өтө эле зор ысырапкорчулукка жол берип, байгелерге төө, бээ, кымбат баалуу автомобилдерди сайып алып мактанган ала-көөдөң адамдар коомду биримдикке чакыра алабы? Жок, менимче тескери тарбия берет.

Өсүп келе жаткан муундарды, алдым-жуттумдукка, уурулукка же дагы башка кылмыштарга түртүп койбойбу, жакшылар? Ойлонолучу!

- Жамандыкка кара мал союуга тыюу салынды. Минтип отурсак, өлүктү бир кой союп, туугандары эле көмүп калган күнгө жетип калбайбызбы?

- Ар адамдын башында бир өлүм бар. Андан эч ким кутула албайт. Падыша дагы, карапайым эл дагы. Өлүм көбүнчө айттырбай келет.

Кайгыртып келет, мүңкүрөтүп келет. Сөөктү алпештеп кепиндеп, маркумдун намыс-ариетин жасап анан жерге берүү кыргыздын кылымдарды карыткан ыйык салты. Аны коштогон үрп-адаттарыбыз дагы бар.

Мындай укладыбыз көп кылымдар бою синтезделип келип бекем салтка айланган. Аны бир буйрук менен эле өзгөртө салууга болбойт.

Ошондуктан, азыркы заман талабына шайкеш келген, бирок, салтыбыздын негизги өзөгүн, ыйык салтын сактаган эле иш аракеттерибиз дурус. Кыргыз мындайда, албетте, кан чыгарып мал соёт.

Маркумдун урматын сыйлап, эркектери өкүрүп келет, аялдарыбыз кошок кошуп ыйлайт. Аны бир дагы бизге жат цивиллизация өзгөртүп же жок кылып жибере албайт! Башка маселе, баары өзүнүн жолу менен болгон жакшы. Өлүк зыйнатына деп алыстан келген карындаш-урук, кудаа-сөөктөр бар. Алардын камкордугун ошол, өлүк ээси көтөрөт.

Бирок, анын баардыгын сарамжалдуулук менен эле уюштуруп келишкен. Мен бир нерсени баса белгилеп койгум келет. Ашыкча ысырапкорчулукту кимдер жасашат? Алар белгилүү эле, да! Колунда бийлиги же байлыгы ашып - ташкан кээ бир «азаматтар» да?

Көпкөлөңдүккө биротоло берилип алышкан кайберендер. Андайлар керек болсо ошол өлүк зыйнатын дагы өзүнө көз каранды болуп калышкан же кол алдында иштешкен адамдардан «колдо алуу» шарапатын «эптештирип» алышкан!

Мына ушундайлар менен күрөш жүргүзүү керек. Кыргыздын улуттук салтына тийишүүнүн кереги жок. Албетте, аны оптималдаштырып, аз чыгым менен эле уюштуруп алууга багыт алсак болот. Ал үчүн биздин идеологияга жооптуу чиновниктерибиз жергиликтүү бийлик ээлери менен тыгыз иш алып баруулары абзел!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости