www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Аталган судья Т.Б.Ш. жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алып, кийин 2022-жылдын март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталды.

Аталган райондук соттун судьясынын кылмыштуу аракетине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында, бул факт Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2022-жылдын 16-апрелинде Бакай-Ата райондук сотунун судьясы Т.Б.Ш. акчалай сыйлыктын калган суммасын алуу учурунда кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg


   

Последние новости