www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 2 ай мурда камакка алынгандардын ден соолугу начарлай баштады. Бүгүн медициналык текшерүүгө Орозайым Нарматова алып келинди, бирок буга чейин Перизат Суранованын ден-соолугун текшерген врачтар коркунучтуу эч нерсе тапкан эмес. Соттордон кийин эми бийликтин ырын доктурлар дагы ырдай баштады.
Жума күнү Нарматова СИЗОдо эс-учун жоготкон, ага чейин ошондой эле абалга Суранова дагы туш болгон, бирок медиктер алардын ооруканага жаткырылышына орчундуу эч негиз жок дейт. Ачкачылыкты алар мындан бир апта мурда баштаган жана кийин кармалган отуздан ашык адамдын жарымынан көбү ал акцияга кошулган. Алар – бир нерсе болуп кетсе, жоопкерчилик – президент, МВД менен УКМКнын жетекчилери жана баш прокурордо дейт.
Бийликти басып алууга камданган деген күнөө боюнча бийлик азырынча орчундуу далил келтире элек. Тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор, бийликтин баардык тепкичинин өкүлдөрү жана доктурлардын баарынын – бийлик эмне кылса дагы, ал – туура, бийликти сынга алгандардын баары болсо – эл душманы деген кербези.