www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы азыркы согуш – Самарканд шаарында Шанхай уюмунун бийик жолугушуусу өтүп жаткан учурда чыкты. Былтыр 29-апрелде болгон согуш – Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчылары жолукканда чыккан. 2010-жылдагы Ош окуялары – Ташкенде Шанхай уюмунун саммити өтүп жатканда башталган.

Согуш чыгаардын алдында Самарканд шаарында Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол долбоору боюнча үч тараптуу келишимге коюлган. Үч мамлекет ал жол тууралуу 30 жылдан бери айтып келет, бирок ага – ачык айтпаса да, Орусия каршы экени белгилүү.

Быйыл 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын 5 президенти жолугуп, жаңы кызматташуу келшимин түзмөк, бирок ага Тажикстан менен Түркмөнстандын жетекчилери кол койбой кеткен. Чолпон-Ата саммитинин алдында дал ошол Тажикстан менен Түркмөнстанга Орусия президенти Путин келип кеткен. Ошондуктан Тажикстандын кошуна Кыргызстанга кол салышын – атайын аскерий операция деп атаса болот.

Последние новости