www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас районунун Кеңеш айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-сентябрда болуп, Фольксваген Пассаттын айдоочусу ЗИЛ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болду. Анын жүргүнчүсү жана жүк ташуучу унаасынын айдоочусу аймактык ооруканага жаткырылды», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Фольксваген Пассаттын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү аскер кызматкерлери экени айтылды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости