www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жумадагы эң башкы дүйнөлүк маанидеги жаңылык Нью-Йоркто АКШнын президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев катышты.
“Борбор Азия – АКШ” форматындагы биринчи саммит БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өттү. Саммитте аймактагы өлкөлөрдүн Орусияга каршы мыйзамсыз санкцияларды сактоосу, ооган маселеси, ошондой эле энергетика жана “жашыл экология” талкууга алынды.
Байден биринчи саммитти ачып:
"Борбор Азия жана Кошмо Штаттардын бир топ жылдык тыгыз кызматташтыгы биздин жалпы баалуулуктарга – эгемендикти, көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү туу тутууга негизделген. Биринчиден, биз контртеррордук кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз. Анын ичинде Борбор Азияга АКШнын коопсуздук тармагындагы каржылоосун көбөйтүү маселеси бар. Ошондой эле биз алдыдагы жылдарда энергетикалык коопсуздугубузду жана камсыздоо булактарын күчтөндүрүү үчүн зарыл минералдык ресурстар тууралуу жаңы диалог куруу потенциалын талкуулап жатабыз” - деген Байден, Вашингтондун чөлкөм менен кызматташтыгы жаңы бийиктикке чыгып жатканын билдирип, аны "тарыхый учур" деп сыпаттады. Кийинки кездешүү беш өлкөнүн биринде өтөрүн ишарат кылды.
Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, дипломатиялык бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарыл экенине токтолду. Ошондой эле, Борбор Азиядагы коопсуздукту Ооганстандагы кырдаалдан бөлүп талкуулоо мүмкүн эместигин белгилеп, бул өлкө менен жакшы коңшулук алакаларды сактоого кызыкдар экендигин айтты.
Арийне, С5+1 форматындагы биринчи жолугушуу 2015-жылы тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Самаркандда өткөн. Андан соң АКШнын мамлекеттик катчысы Д.Керри “өз ара аракеттенүү жана кызматташуу” тууралуу куру риторика менен чектелип, аймак үчүн туура аракеттерди же ири долбоорлорду сунуштаган эмес эле. Эми гана Россия менен Украинанын ортосундагы саясий кризистен чыккан согуштук жаңжалдын улам геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болуп жатканда Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон интеграцияны тездетүүгө кызыкдар боло баштады. Себеби, Америка Кошмо Штаттары «дүйнөлүк гегемон» статусунан баш тарткысы келбейт жана көп полярдуу дүйнөнүн түзүлүшүнө жол бербөө үчүн бардыгын жасап жатышат. Бул үчүн алар Кыргызстанды жана Борбордук Азия өлкөлөрүн Россияга каршы коюуга даяр.
Бирок белгилеп кетчү жагдай, АКШ менен Евробиримдиктин Кыргызстандагы соода жана инвестициядагы үлүшү ушунчалык аз болгондуктан, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү аркылуу таасир эте албайт. Ал эми Россия өлкөнүн жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.
Андыктан эч кандай “экинчи даражадагы санкциялар” Кыргызстанды коркутпашы керек. Россия менен кызматташуу өлкөгө экономикалык жылыш үчүн мүмкүнчүлүк берип, кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатат. Мисалы, 2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3 миллиард 885,5 миллион долларды түздү. Бул аралыкта республикадан 616,4 миллион долларлык товар жана продукция экспорттолгон.
Мындан сырткары Россия Кыргызстандагы эмгек мигранттары үчүн негизги тышкы рынок болуп саналат. Өлкөнүн Улуттук банкынын статистикасына ылайык, 2022-жылы ал жактагы эмгектенген мигранттар тарабынан 2 миллиард 780 миллион доллар которулган. Ал эми 55,6 млн доллар (АКШдан 54,9 млн доллар) алыскы чет өлкөлөрдөн келген.
Бүгүнкү күндө Россиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКС-ЕАЭБ-ШКУнун бирдиктүү саммитин өткөрүү боюнча Беларустун сунушунун үстүндө иштей баштады. Министрлик бул бирикме мүчөлөрүнүн “мыйзамсыз бир тараптуу чектөөлөргө жана протекционисттик чараларга жол берилбестиги” боюнча бирдиктүү позицияны карманып, көз карандысыз финансылык инфраструктураны курууну, улуттук валютадагы төлөмдөргө өтүүнү, долбоорлорду биргелешип каржылоону жана түзүүнү жактай турганын баса белгилейт.
Ал эми Америка жана Борбор Азия мамлекеттеринин башын кошкон самиттин максаты — Россия менен болгон алаканы бузуп, жик салуу.
Буга чейин Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Россиянын өнөктөшү болуп турганда арзан дан, газ, нефть алып турганда мындай маселе болгон эмес.
Андыктан, АКШ Россиянын экономикасын алсыратып, күчүн кетирүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мойнуна каргы тагып, айдакчы кылгысы келүүдө. Деги эле, АКШ экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, бир да мамлекетке жакшылык кылбаган. Алардын максаты, башка мамлекеттерди алсыратып, өздөрүнүнө баш ийдирүү жана ал өлкөлөрдүн кен-байлыктарын ташып кетүү. Ошондуктан, алар менен мамиле кылууда өтө этияттыкты талап кылынат. Себеби АКШ Борбор Азиянын өз көзөмөлүндө болушун каалап, кызыкдар болууда.
Кыскасы, өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей кымбатчылык абал өкүм сүрүп турганда, Кыргызстан эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачкадан өлөт болбой, Москва менен тыгыз байланышта болуудан өтөөрү жок. Батышка куйрук шыйпаңдаткандан пайда таппайбыз. Демек, "АКШ жана Борбор Азия" деген Вашингтондун каргысын мойнубузга таккандан сак болгон алака керек. Бечелге жөтөл зарыл эмес. Төшөгүбүзгө карап бут сунуп, акыл-эстүүлүк менен иш кылганыбыз оң.
Эртең азык-түлүк, энергетикалык кризис каптап, инфляция өсүп, кымбатчылыктан улам экономика очорулуп сазга батып эл жокчулуктун азабын тартса, океандын ары жанындагы Америка азык-түлүк менен камсыздап, энергетикалык кризистен сууруп чыкпайт. Эзелтен ата-балаларыбыз алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген. Андыктан, тарыхыбыз бир коңшулар менен мамилени бузбай, мамлекеттин мүдөөсүн көздөп ынтымакта иш алып барган жемишин берет. Андан зыян тартпайбыз.
Булак: NazarNews.kg