www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда январь окуясына байланыштуу кармалган дагы 9 адамдын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп,камактан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү активисттер жана "Аманат" комиссиясынын өкүлдөрү билдиришти.

9 кишинин жетөө - тергөө изоляторунан, экөө - шаардык ооруканадан чыгарылды.

Соцтармактарда тараган видеолордон тергөө изоляторунан чыккан кишилердин аксап, өз алдынча баса албай калышканын көрүүгө болот. Айрымдары балдак менен жүрөт. Абактан чыкканда аларды жакындары тосуп алышты.

Маалыматка караганда, баш коргоо чарасы кармалгандардын ден соолугуна байланыштуу өзгөртүлгөн. Алар эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып беришкен. Тергөө уланат.

Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп эркиндикке чыккандар 25 кишиге жетти. "Аманат" комиссиясынын маалыматы боюнча Алматынын тергөө изоляторунда эле "жапырт бейбаштык" иши боюнча 250-280 киши отурат.

Буга чейин Башкы прокуратура укук коргоо органдары кармоо жана тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттерге (кыйноо, ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу жана башка) барганын мойнуна алган. Расмий маалымат боюнча жарандардан 109 арыз түшкөн. 11 даттануу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Расмий маалыматка караганда, январь окуясы боюнча жалпысынан 2044 кылмыш иши козголуп, 900гө чукул шектүү кармалган. Алардын 800дөйү соттун санкциясы менен камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости