www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-октябрда Бишкектеги башаламандыктан кийин “Ата-Мекен” партиясы УКМКны басып алууга Элвира Сурабалдиева баш болгон топту жөнөтүп, Сурабалдиева УКМКнын төрагалыгына “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Элдар Абакировду отургузууга аракет кылган.
Бирок аларга УКМКнын төрага кызматына Максат Мамыткановду дайындайбыз деп барышкан “Чоң казат” партиясынын Сыймык Жапыкеев баштаган тобу тоскоолдук жаратып, жаңжал чыккан.
Бул жаңжал тууралу 6-октябрда "Атамекенчи" Элвира Сурабалдиева өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында “мени УКМКада Сыймык Жапыкеев сабады”, - деп жазып жарыялаган.
Ал эми ИИМди жана анын министрдик кызматын басып алууга “Ата-Мекен” партиясы Рыскелди Момбеков баштаган топту жумшаган. Момбековдун ИИМдеги ошол күнкү видеотасмасы интернетте кеңири таркатылууда.
Ошол эле учурда “Ата-Мекен” партиясы КР Мамлекеттик каттоо кызматын жана анын төрагалыгын, ага караштуу “Инфоком” жана “Унаа” мамлекеттик ишканаларын басып алууга атамекенчи Тилек Токтогазиевдин бир тууган жездеси Нурлан Сабитов жетектеген топту жөнөткөн.
"Атамекенчилер" КР Мамкаттоо кызматына барышып, ал жерде Нурлан Сабитовду Мамкаттоо кызматынын төрагасы деп жарыялашат. Андан кийин “жаңы дайындалган төрага” Нурлан Сабитов “Инфоком” ишканасына барып, анын жетекчисин кызматтан алып, анын ордуна “Ата-Мекен” партиясынын өкүлүн директор кылып дайындайт.
Андан ары өзүн “ГРСтин председателимин” деп тааныштырган Нурлан Сабитов “Унаа” ишканасына барып, анын жетекчисин кызматтан алып, ордуна “Ата-Мекендин” өкүлүн директор кылып дайындай баштаганда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын эмгек жааматы каршы чыгып жаткан учур тартылган видеотасма биздин куржунга келип түштү.
Ушундай ондогон кызмат басып алууларды ошол күндөгү бир гана легитимдүү бийлик органы болуп турган КР Коопсуздук кеңешинин секретариаты менен анын жетекчиси, генерал Суваналиев токтотуп, баарын артка кайтарган.
Булак: NazarNews.kg