www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диего Марадона дүйнөдөгү мыкты футболчулардын бири болгон. Спорт карьерасын көтөрүү учурунда футболчунун финансылык мүмкүнчүлүктөрү чексиз болчу. Бирок, анын көзү өткөндөн кийин, ЖМКнын маалыматы боюнча, спортчунун эсептеринде көп акча калбай калган.

Celebrity Net Worthтун айтымында, Марадонанын мураскерлерине 500 миң доллардай акча калган.

15 жашында Диего «Аргентинос Хуниорс» командасында ойноп, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон. 1981-жылы оюнчуну «Бока Хуниорс» 4 миллион долларга сатып алган. Бир жылдан кийин аны Барселона 7,6 миллион долларга сатып алган.

«Наполи» футболдук клубу Аргентиналык футболчу үчүн болжол менен 10,5 миллион доллар төлөп, Диего тарабынан белгиленген трансфердик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Ушул командада Диего өзүнүн карьерасындагы туу чокусуна жетип, командага эки наам алып келген.

Бирок, кайсы бир учурда анын жеке жашоосу анын оюнчулук карьерасынын кескин төмөндөшүнө алып келген. 1990-жылдагы Дүйнө чемпионаты Марадона жана Аргентина курамасы үчүн көңүл жубатарлык болгон эмес. 1992-жылы анын организмине жүргүзүлгөн изилдөөдө кокаинге оң натыйжа бергенден кийин «Наполиден» кетүүгө аргасыз болгон. 1994-жылы, ал дагы бир жолу баңги затка тапшырган тесттен өтпөй калгандыктан, Дүйнө чемпиондугунан четтетилген.

Диего Марадона «Наполиде» жүргөндө Италиянын бийлиги менен салык боюнча чыр-чатакка барган. Төлөнбөгөн салыктары 30 жылдан ашуун убакыт топтолуп калган. 2009-жылы Италия бийлиги Марадонанын 37 миллион евро салык боюнча, анын ичинде чегерилген пайыздык төлөмү менен 23 миллион евро карыз экендигин айткан.

Полиция Диегонун болжол менен 42 миң еврого бааланган зер буюмдарын анын карызы үчүн алып койду. Калган карыздын басымдуу бөлүгү төлөнбөй калган.

2018 жана 2019-жылдары Марадона «Дорадос-де-Синалоа» клубунда тренер болсо, 1,6 миллион доллар иштеп тапмак, деп жазат РБК.

Кыймылсыз мүлктөн Марадона үч турак жайга жана бир мейменканага ээлик кылган. Ошондой эле анын бир нече кымбат баалуу автоунаалары, анын ичинде 300 000 евролук Роллс-Ройс автоунаасы болгон.

Марадонанын эки гана баласы бар, анын мураскорлорунун расмий статусу бар. Башка аялдардан дагы үч баласы бар экендигин өткөн жылы расмий каттайын деп жаткан.

Бирок, өлүмүнө чейин Марадона балдарга эч нерсе калтырбайм жана тапкан акчамды кайрымдуулукка жумшайм деп айткан.

Эске салсак, Диего Марадона ата-энесинин жанына коюлган. Аргентинада аны менен коштошуу аземинде башаламандык орун алга.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости