www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 5-декабрда борбордо  БУУнун имаратынын алдында жарандык активисттер менен жаштар тобунан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте, Кытайдагы куугунтукка кабылган Кыргыз боордошторго коргоочулар чыгып, өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин басмырлоо көрүнүштөрүн белгилеп, жардам кылуусун талап кылышты. Акцияга катышып жаткан жарандар Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды. 

Бүгүнкү акцияда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке кайрылып, Кытайдагы бир катар улуттарга байланыштуу жагдайды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында кароону сунуш кылышты. Учурда Кытай элинде болуп жаткан Кыргыз жарандарынын ошондой эле, этникалык мусулмандарга мыйзамсыз кысууну дүйнөлүк масштабда көңүл буруп карабаса, чоң көйгөй болуусу толук ыктымал,- дейт бүткүл дүйнөлүк тынчтык кыймылынын мүчөсү Бекназар Айталиев.

Ошондой эле, акциянын катышуучулары Кытайдын жетекчилигинен жок маалыматтарга таянып, болбогон кысынууларды токтотушун талап кылышты. Тынчтык акциясына келген жарандык активисттердин айтымында, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан акцияга Бишкетеги этникалык кытайлык кыргыздар сүйлөдөн жана көрүнүүдөн баш тартышты. Себеби ал жактагы тууган-уруктарын дароо камап же кыйноого урунтаары анык дейт, - "Кыргыз кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөсү Калысбек Жалалиев.

Ж.У. NazarNews.kg

Последние новости