www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Конституцияны демилгелеп жаткандардын арасында бар экенимди соцтармактан уктум. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү калтырды.

“17-ноябрь түнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени дагы кол койгон деп чыгарышкан. Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм. Баш мыйзамды өзгөртүүчү топко кирүүгө, процессти ичинен көрүүгө, долбоорду жазып жатканда парламентаризмдин позициясын коргоого, демилгелөө топко кирүү үчүн колумду койгом. Кечээ даяр долбоорду көрүп, ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымы айтып чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!”, - дейт депутат Токтошев.

Эске салсак, кечээ, 17-ноябрь күнү кечинде Кыргызстандын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Анда азыркы Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелегени жазылат

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости