www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык чабуулу боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.

Анын айтымында, Иран америкалык базага анча маанилүү эмес сокку урду жана андан эч ким жабыркаган жок.

"Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө жүзү үчүн жакшы нерсе", — деди АКШ лидери.

Трамп  белгилегендей, алдын ала эскертүү системасынын арты менен эч ким жабыркаган эмес. АКШ илдери Вашингтон Тегеранга карата жаңы экономикалык санкцияларды киргизерин белгиледи.
Мындан тышкары, Иран террористтерге колдоо көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле ал бийликте турганда Тегеран өзөктүк куралга ээлик кыла албай турганын кошумчалады.
Ошондой эле, Улуу Британия, Кытай, Германия, Франция жана Россияны Иран менен жаңы келишим түзүүнүн үстүндө иштөөгө чакыра кетти. Муну менен чогу НАТОго Жакынкы Чыгыштагы процесстерге активдүү катышууну суранып кайрыларын дагы билдирди.

"Биз силердин келечегиңер кең болсо экен дейбиз, силер ага татыктуусуңар", — деп Трамп Ирандын элине жана жетекчилерине кайрылды.

Ошондой эле АКШ базага болгон чабуулга жооп кайтаруу жолдорун карап, бирок курал колдонбой турганын белгилеп өттү.

"АКШнын укмуштуудай ракеталары бар, бирок күчтүү курал-жарактын болушу аны колдонуу керек дегенден кабар бербейт", - деди президент.
 
Белгилей кетсек, Американын Ирактагы Эйн-аль-Асад жана Эрбиле деп аталган аскерий базаларына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:20да (4:20 Бишкек убактысы) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости