www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атасыз балага кандай тарбия керек?

Атанын ордун бала бир жашынан баштап сезе баштайт. Ушул курактан баштап бала аны туурап, ага окшошкусу келген эркек керек болот. Албетте, бул үчүн атасы болсо жакшы болмок, бирок атасы жок болгон шартта анын ордун чоң атасы, таякеси, апасынын достору алмаштыра алат.
Эгерде баланын атасы каза болуп калган болсо, ал атасынын образын идеал кылып чоңойсо болот. Ал эми ажырашып кеткен шартта бала үчүн атасы жакшы бойдон калгыдай түшүнүк калыптандырыңыз. Жолдошуңузга болгон таарынычыңыз канчалык күчтүү болгонуна карабай ата-баланын жолугушуусуна бөгөт койбоңуз.
Балаңызга баатырлар туралуу китептерди көбүрөөк окуп бериңиз, чыныгы эркектин образы чагылдырылган фильмдерди чогуу көрүңүздөр.
Атанын мээримин толуктоого аракет кылып 24 саат бою жаныңыздан чыгарбай койгонуңуз туура эмес.
Өз алдынчалуулук – эркектин эң негизги сапаттарынын бири. Ар бир кыймылын көзөмөлдөөнүн кажети жок, ага ишениңиз.
Жалгыз бой аялдардын эң негизги кемчилиги – өз жашоосун баласына арнап, кийин андан өзүнө карата ошондой мамилени күткөндүгү. Балага мындай курмандыктын кереги жок. Аны багуу үчүн кыйналганыңызды, бир нече жумушта иштеп түн уйкудан калганыңызды да айтпаңыз. Мындан улам бала өзүн күнөөлүү сезип чоңоёт.
Көп мактаңыз. “Сенин колуңдан келет”, “сен менин коргоочумсуң” сыяктуу мактоолор атасы жок балдар үчүн абдан маанилүү, алар баланын өзүнө ишенимдүүлүгүн бекемдейт.
Сиз ага жасагандай мамилени андан күтпөңүз. Аялдар менен эркектердин эмоциясында, ойлорунда айырма бар. Анын пикирин сыйлаңыз.

Булак: “Леди.kg

Последние новости