www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда жаңы оору пайда болду. Мындай вирус  2002-жылы пайда болуп,  1 жыл аралыгында эле 813 кишинин өмүрүн алган. Бул вирус кайрадан күч алууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, декабрдын этегинде Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. 3-январда мындай 44 учур катталып, 11 адам оор акыбалда болгон. Оорулуулар менен жакын жүргөн 160тан ашык адам көзөмөлгө алынган.

Мындан тышкары,  Гонконгдо Ухань шаарында болушканын айткан 6 киши оорууканага келип түшкөн.  Учурда 59 киши ооруп, алардын алтоосу оор абалда экендиги айтылат. Илдетти алып жүргөндөрдүн бир нечеси Сингапурда дарыланмакчы. Гонконг менен Сингапурдун аба майданына санитардык көзөмөл киргизилип, дене табы көтөрүлгөн Ухань жүргүнчүлөрү карантинге алынды. Гонконгдо 16 саякатчы илдетке кабылган.

Белгилей кетсек, бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. Учурда ал жак жабылды. Оорулуулар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан. Көкүрөк клетканын рентгенографиясы оору өпкөнү жабыркатарын көрсөткөн.  Вирустун себеби жана козгоочусу азыркыга чейин аныктала элек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы илдетке көз салып, анын себептерин жана дарылоо жолдорун аныктоого бардык күчтү жумшоого чакырууда. Бул илдеттин агымы SARS курч респиратордук синдромун эске салып жатканы айтылат. Ал "кара кочкул өлүм" деген атты алган типтик белгилери жок пневмония. Вирус 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости