www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чыгарма деген - бул бир сырдуу дүйнө”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

  --“Менин бүтүндөй өмүрүм басма сөз менен байланыштуу. Мен Кыргызстандын касиеттүү Аксы районунда туулгам. Аксы таланттардын кереметтүү мекени. Кандай гана таланттар чыгып элге таанымал болушкан. Кыргыздын эң белгилүү инсандары чыккан аймак катары таанымал. Ошол аймакта бактылуу балалылыгым өттү. Айылдагы 1923-жылы курулган мектепте окуп, билим алдым. Бала кезимде 4 гезиттин бирин калтырбай окуп жатчумун. Алгачкы жолу 6-классты окуп жүргөндө “Ленинчил жаш” деген гезитке “Тынчтык” деген ырым чыккан. Жогорку класстарга барганда атайын буйрутмалар менен ырларды жазып жүрдүм. Себеби, райондо ар кандай кароо-сынактар, маданий иш-чаралар өтчү. Анда окуучулар менин ырларымды окуп чыгышчу. Ошондон бери чыгармачылыкка аралашып кеттим. Чыгарма деген - бул бир сырдуу дүйнө. Муну эч качан таштай албайсың, дайыма жан-дүйнөңдө жашайт”, - дейт жазуучу.

Последние новости