www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таировду коррупцияга күнөөлүү деп тапты.

Маалым болгондой, Таиров соттун чечими менен мамлекетке 265 миң сом айып төлөмөй болду.

Ал октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдын башчысын ири суммадагы акча которууга мажбур кылган деп УКМК тарабынан кармалган.

Эске салсак, ЖМКлар февраль айында Таиров тергөө менен келишим түзүп, 20 миллион сом чыгымды мамлекетке кайтаруу менен эркиндикке чыкканын жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости