www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде наристе кыз сабалган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ага ылайык, кошумча медициналык экспертиза дайындалды жана иштин мындан башка чоо-жайы тууралуу кабарлаган жок.
Мунун алдында экинчи борбор калаанын аты-жөнүн ачык айткысы келбеген тургуну социалдык түйүндөгү баракчасында «Жасмин» аттуу менчик бала бакчада 5 жаштагы кызы сабалганын жазган. Ал чүрпөсү түшкү тыныгууда уктабай койгондуктан тарбиячылар аны үкөл сайып коркутууга алганын, андан кийин сабап, чачтарын жулуп салганын маалымдап, сүрөттөрүн жарыялаган. Окуя 5-апрелде болгону айтылат.
Бул тууралуу маалыматты 21-апрелде коомдук ишмер Ассоль Молдокматова баштаган бир катар активисттер-журналисттер бөлүшүп, бакчанын ээси чоң кызматта иштегендиктен жоопкерчиликтен качып кетип жатканын коңгуроо кагышкан. Алар укук коргоо органдарын окуяны калыс иликтөөгө чакырышкан.
Булак: NazarNews.kg