www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Элдик курултай – бул элдин багыты”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Жаңы иштелип чыккан Конституцияда Элдик курултай мурдагыдан бир кыйла кеңейтилген түрдө көрсөтүлдү, бирок анын бир катар мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдай эле эске алынган жок. Элдик курултай – бул элдин багыты. Анын мааниси элде бийликке түз таасир этүүнүн каражаты болуш керек дегенге барып такалат. Башкача айтканда, бул орган ооздуктоочу, андан дагы тагыраак айта турган болсок, бийликти бир колго топтоого каршы бөгөт болушу абзел. Биз Элдик курултайдын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмесинде болсун, судьяларды тандоого катышсын деген сунушубузду айттык. Бирок бул учурлар өткөн жок”, - деди Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg