www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын Мосул шаарында биринчи мультимедиялык ресторан ачылды. Буйрутмаларды интерактивдүү стол кабыл алат, ал эми официанттын ролун роботтор ойношот.

“White Fox” ресторанында роботтор официанттардын ишин аткарышат. Европада роботтор тейлеген кафелер популярдуу, бирок бул Ирак үчүн жаңылык болуп саналат.

Буйрутманы столдун үстүнөн эле кылса болот - менюсу бар сенсордук экрандар столдун үстүнө орнотулган.

Бирок, бул жерде адамдар да кызмат кылышат – алар интерактивдүү столдон буйрутманы кантип берүү керектигин айтып беришет же тамактарды сунушташат.

Мындан тышкары, ресторандын кичинекей коноктору столдордогу атайын мультимедиялык панелдерде видео оюндарды ойной алышат.

Бардык буйрутмаларды жылмайган роботтор алып келишет.

Көйнөкчөн, баш кийимчен жана мойнуна шарф оролгон робот-официанттар буйрутмаларды атайын батыныс менен алып келишет.

Бардык жабдуулар чет өлкөдөн сатылып алынган, бирок техникалык тейлөөнү жергиликтүү адистер жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости