www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус Иранды кучагына алган соң, Кыргызстандык 76 айдоочу аталган өлкөнүн чек арасынан чыгып кете албай калышкан. Мындан улам тамак ашы жана майы жок калган айдоочулар, Тышкы иштер министрлигине видео аркылуу кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымына караганда, азыр 18 айдоочу Ирандын Азербайжан менен чектешкен Астара шаарында тамак-ашы, майы жок кыйналып жатышат."Кыргызстандын ТИМине кайрылып жатабыз. Биз — кыргызстандык айдоочуларбыз. Министрликтин коронавирустан улам чыга албай жатканыбыздан кабардар экенин билебиз. Бизге жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Абалыбыз кыйын, же майыбыз жок, же ичүүгө тамак-ашыбыз жок. Министрликтен тезирээк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизди чыгарып алуусун сурайбыз", — деп айтылат видеодо.

Мунун менен катар айдоочулар Ирандын Түркмөнстан менен чектешкен жеринде да кыргызстандык айдоочулардын бар экенин айтышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык жүк ташуу менен алектенген айдоочулар Ирандын аймагынан чыга албай калышты. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 автоунаа, Кыргызстандын жарандарынан 76 айдоочу Түркмөнстан чек арасын жапкан, 18-февралдан тарта Ирандын аймагында. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта басма сөз жыйынында транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек билдирди.

Анын айтымында, учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору. Ал эми коронавируска байланыштуу Ирандагы чектөөлөрдөн кийин банк аркылуу да акча которуу мүмкүн болбой жатат. Айдоочулардын айрымдары чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышпайт.

Айдоочулар 18-февралдан тарта чыга албай калышты, жүктөрү бар. Бул жактагы ишкерлер — жүктүн ээлери да зыян тартып жатышат. Маселени Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости